Райым Матраимовдун өкүл баласы Россиядан кармалып, өлкөгө алып келинди

Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кара-Суу районундагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга шектелип Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Россиядан кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Буга чейин Райымбек Матраимовдун өкүл баласы делген Мунарбек Сайпидинов соцтармак аркылуу УКМК башчысына кайрылган. Анда ал Россияда кармалганын, Матраимовдун былык иштери боюнча көрсөтмө берүүгө даяр экенин айткан.
Министрлик ал 7-августта өлкөгө алып келингенин кабарлап, бир катар кылмыш иштерге шектелип жатканын белгиледи.
"Колго түшүрүлгөн жаран Савай айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу райондук филиалынын кызматкерлери, жеке тараптар менен эл керектей турган жерлерди, социалдык мекемелерди мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз чыгарып, кылмыштуу план негиздеген", — деп жазылат кабарда.
Ташиев: уюшкан кылмыштуу топтой кылып коррупцияны дагы жок кылабыз