Путин Трамп менен жолугушуусу БАЭде өтүшү мүмкүн экенин билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин америкалык кесиптеши Дональд Трамп менен жолугушуу Бириккен Араб Эмираттарында өтүшү мүмкүн экенин билдирди.
Ал мындай билдирүүнү Кремлде БАЭнин президенти Мухаммед Бен Заид Аль Нахайян менен жолугушкандан кийин жасады.
"Бизде ушундай иш-чараларды уюштурууга жардам берүүгө даяр болгон көптөгөн досторубуз бар. Алардын бири – Бириккен Араб Эмираттарынын президенти. Менимче, бул ылайыктуу жерлердин бири болмок", — деди РФ лидери.
Андан тышкары, Путин жалпысынан Зеленский менен жолугушууга каршы эместигин, бирок мындай сүйлөшүүлөр үчүн шарттар түзүлүшү керектигин билдирди.
Ушаков: Путин менен Трамп кийинки жумада кездешиши ыктымал