БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Эртең, 8-августта, Жерди соңку эки айдан берки күчтүү магниттик бороон каптайт. Бул туурасында РИА Новости РФ ИАсындагы Космосту изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы боюнча лабораториянын башчысы Сергей Богачевго таянып жазды.
Геомагниттик абал бүгүндөн тарта, тагыраагы, түнгө карай бузула баштайт. Мындай бороон болгондо Kр индекси алты деңгээлге (бул сан орточо күчтөгү бороон (G2 деңгээли) чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул 13-июндан берки эң жогорку көрсөткүч болмокчу.
Түшүнүктүү болуш үчүн айтсак, Kp индекси — Жердин магнит талаасында болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн күчүн көрсөткөн эл аралык стандарттагы көрсөткүч. Аны 0 менен 9 аралыгында өлчөшөт.
Мындай кырдаал энергетикалык системага таасир этиши ыктымал. Бул көрүнүштөн кийин пайда болгон Күн бетиндеги кубаттуу жарылуулар энергосистемалардын ишин начарлатып, жаныбарлар менен канаттуулардын аймактан аймакка орун которуусуна таасир тийгизерин айтышты. Магниттик бул бороондор кыска толкундуу байланышты бузуп, навигациялык системаны аксатып, өнөр жайдагы иштерди кадимки калыбынан чыгарат.
Макалада ошондой эле Күндүн активдүүлүгүнүн жогорулашы түндүк жаркыроонун байкоого мүмкүн болгон аймактарын кеңейтиши мүмкүндүгү айтылды. Магниттик бороондор адамдын саламаттыгына таасир этеби же жокпу дегенге так жооп азырынча жок.