Кытайда жаңы вирустан улам COVID-19дагы чектөөлөр киргизилди

Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кытай өкмөтү чикунгунья вирусунун тарап кетишин алдын алуу үчүн өлкөнүн бардык аймагына COVID-19дагыдай чектөө киргизди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Кытайдын түштүк тарабындагы Фошань шаарында вирустун жети миң учуру катталып, өлкө боюнча он миңден ашып кеткен.
Чикунгунья чиркей аркылуу тарайт, бирок кишиден кишиге аба аркылуу жукпайт. Инфекция дене бойду калтыратып, муундарды оорутат. Ал эми оор түрү жүрөк, мээни жабыркаткандыктан инфекциянын өмүргө коркунучтуу экендиги айтылды.
Кытайдын тиешелүү мамлекеттик мекемелеринде иштегендер шаар көчөлөрүндө, эл жашаган райондордо, курулуштарда, вирусту алып жүргөн чиркейлер кишини көп чагышы мүмкүн болгон жерлерде дезинфекция иштерин жүргүзүүдө. Кызматкерлер кеңселеринин кире бериш жерлерин дезинфекция кылып жатышат. Бул 2020-жылкы пандемиядагы COVID-19 менен күрөштүн тактикасын эске салат.
Басылма, мындан сырткары, бийлик Фошандан келгендерди 14 күндүк карантинге киргизип, абалына тыкыр көз салып жатканын жазды.
Ооруларды көзөмөлдөп жана алдын алуу боюнча иштеген европалык борбордун маалыматына таянсак, чикунгунья менен жапырт ооруган учур 2025-жылдын башында катталган. Көп кездешкен аймактар катары Индия океанындагы Реюньон, Майотта жана Маврикий аралдарын айтышты.
2025-жылдын 4-августуна карата алганда быйыл 16 мамлекетте 240 000 учур катталып, 90 адам көз жумган.
Муздардын эриши менен кооптуу вирус тарашы мүмкүн. Окумуштуунун божомолу