БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Россиялык мугалимдердин Кыргызстандагы ишинде эмнелер өзгөрүшү мүмкүн экенин РФ Агартуу министрлигинин Эл аралык кызматташтык борборунун директору Сергей Малышев айтып берди.
РФ Агартуу министрлигинин Эл аралык кызматташтык борборунун директору Сергей Малышев
Ал Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде сүйлөдү. Айтымында, россиялык мугалимдер республиканын орто кесиптик билим берүү системасында да эмгектене алышат. Мындай иштер Борбор Азиянын башка өлкөлөрүн, мисалы, Өзбекстанды көздөй өңүт алды. Россиянын Агартуу министрлиги ушундай эле өтүнүчтү Кыргызстандан да күтөт.
"Биздин долбоорлор колледждерде, орто кесиптик билим берүү уюмдарында окуунун сапатын жогорулатууга багытталган. Ошондой эле методикалык колдоо долбоордогу мугалимдерге гана эмес, жергиликтүү педагогдорго да көрсөтүлүшү мүмкүн. Россиялык мугалимдер Кыргызстандагы мугалимдерге педагогикалык ишмердүүлүктү натыйжалуу уюштуруу, мыкты окутуу методикаларын өз мектептериндеги окуу процессине киргизүү үчүн жардам берүүсү каралган бирикмелерди уюштурууга болот", — деди Малышев.