БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. РФ Билим берүү министрлигинин Эл аралык кызматташуу борборунун директору Сергей Малышев Россиядан келген мугалимдер Кыргызстанда кандай шартта иштеп жатканы тууралуу Sputnik Кыргызстан агентигинин маалымат борборунда өткөн брифингде айтып берди.
РФ Билим берүү министрлигинин Эл аралык кызматташуу борборунун директору Сергей Малышев
Ал Россия тарап бул мугалимдерге жакшы маяна төлөп берип жатканын белгилеген. Анткени көпчүлүк чет өлкөгө үй-бүлөсү менен кетет. Ошондой эле медициналык камсыздандыруу жана методикалык колдоо көрсөтүлөт.
"Баштапкы шарттар боюнча кабыл алуучу тарап биздин мугалимдерди турак жай менен камсыздашы керек. Бирок бул жаатта кыйынчылыктар бар. Анткени мындай чыгымдар бюджеттен каралбайт", — деди ал.
Малышев белгилегендей, көбүнчө турак жай маселеси жергиликтүү бийлик же мектепке жүктөлөт. Ошондуктан бул долбоорду кеңейтүү кабыл алуучу мектептер мугалимдерге жашай турган үй таап бере алганына жараша болот.