БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстан өз жарандарынын электрондук документтерин ЕАЭБ мүчө мамлекеттерде таанытуу боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
"Биз өлкөдө толук санарип форматка өтүүнү көздөп жатабыз. Ошондуктан жарандарыбыз электрондук документтерди чет өлкөлөрдө да пайдалана алышы керек. Учурда биз ЕАЭБ өлкөлөрү менен биринчи этапта бул документтерди таанытуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз", — деди министр.
Анын айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрү менен пилоттук долбоор ишке ашырылгандан кийин бул тажрыйба башка мамлекеттерге да жайылтылат.
"Мисалы, соттуулугу жоктугу тууралуу маалым катты Европада колдонуу үчүн биздин ИИМ Европа өлкөлөрүнүн укук коргоо органдары менен өз ара документтерди таануу тууралуу макулдашууга тийиш. Андан кийин биз техникалык оператор катары бул документ QR-код менен сканерлөө мүмкүнчүлүгү менен иштеши үчүн шарт түзөбүз", — деп түшүндүрдү Жамангулов.