Кочарян: Азербайжан менен макулдашуу Армениянын кызыкчылыгына туура келбейт

Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Вашингтондо Азербайжан менен Армения башчылары Никол Пашинян жана Илхам Алиев тынчтык меморандумуна кол койсо, ал армяндардын улуттук кызыкчылыгына каршы келет. Мындай пикирин Alpha News агенттигинин башкы редактору Тигран Кочарян айтканын Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
"Пашинянга керек болгон жалгыз нерсе — "тынчтык" деген сөз жазылган бир барак кагаз. Ошону Армения элине соодалап, шайлоого баруу үчүн колдонот. Пашинян үчүн сүйлөшүүлөрдөгү жеке кепилдик — бийликте болушунча көпкө чейин калуу. Бул "тынчтык" чыныгы бейкуттукту орнотуу эмес, дагы бир капитуляцияга көбүрөөк окшош болорун бардыгы түшүнүп турат. "Тынчтык" орнотуу Иран менен Россиянын кызыкчылыгына туура келбейт. Иран түндүк тарабынан жолду бөгөгөн куралданган америкалык жалданма жоокерлүү болот. Арменияны ар кыл геосаясий борборлор көзөмөлдөп, аягында аталган өлкө Сириянын тагдырын кайталайт", — деген ал.
Ал эми Азербайжан, Түркия жана АКШ үчүн бул эң жакшы, ылайыктуу вариант экенин кошумчалаган.
Симоньян: эртең Пашинян Армениянын аймагын алмашат. Видео