Радио

Чыналиев: айыл чарба адистери IT кызматкерлериндей эле маяна алат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Мухтар Чыналиев учурда жогорку квалификациялуу айыл чарба адисттери жетишсиз болуп, четтен чакырылып жатканын билдирди.
Sputnik
Кыргызстанда айыл чарба тармагында эмгектенген адистер жакшы маяна алышат. Бул тууралуу Мухтар Чыналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул тармакта билимдүү адистерге жылдан-жылга суроо-талап көбөйүүдө.
"Айыл чарбадагы кесипкөй адистердин айлык акысы жакшы. Ошол эле IT кызматкерлери же башкалардыкынан аз эмес. Айыл чарба тармагындагы жогорку квалификациялуу адистер жана жеке сектордо иштеп жүргөн консультанттар менен дайым сүйлөшүп турам. Алар орточо айлыктан 3-4 эсе көп алат. Мисалы, биздеги кайра иштетүүчү ири ишканаларда технолог тартыштыгы байкалып, Россия жана башка өлкөлөрдөн жогорку квалификациялуу адистерди алып келип иштетип жатышат. Андан сырткары, айыл чарба адистери эч качан жумушсуз калбайт. Жок дегенде өз жерин сонун кылып иштетип, малын жакшы бага алат. Азыр малдын түрү багылып, миңдеген долларга сатылып жатпайбы. Мунун баары билим-илим, тажырыйбанын негизинде ишке ашууда", — деди Чыналиев.
Ошондой эле ал жалпы айыл чарба тармагында өсүү динамикасы байкалып жатканын белгиледи.