БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Эртең, 8-августта, Ысык-Көл менен Нарындын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Бул күндөрү тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуу сунушталды.
"Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз дароо 112 кызматына кабарлаңыз", — деди министрлик.
Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.