Ушаков: Путин менен Трамп кийинки жумада кездешиши ыктымал

Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуусун кийинки жумада өткөрүү макулдашылды. Бул тууралуу РФ лидеринин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.
Анын айтымында, тараптар тиешелүү даярдыктарды көрө баштады. Камылгага канча убакыт кетери азырынча белгисиз.
Буга чейин ЖМКлар бул жолугушуу болорун боолголоп, андан кийин үч тараптуу, тагыраагы, Путин, Трамп жана Владимир Зеленский болуп сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү пландап жатканын жазган. Ушаков буга эч кандай комментарий берген жок.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп АКШны украин чатагынан чыгарып кетүү ниетин билдирди