Бул жолу “Стоп кадр” уктуруусунда жүрөктү титиреткен, чыныгы турмуш менен руханий дүйнөнүн ортосундагы кагылышууну чагылдырган тасма тууралуу кеп кылабыз...
16 жылдан соң кайтып келген Али, жашыруун сырлар жана күрөш – "Аят 4" тасмасы 14-августтан баштап өлкөнүн бардык кинотеатрларында! Режиссер Азамат Шаршеновдун жаңы эмгеги көрүүчүнү коркунуч, драма, кылмыш жана социалдык реалдуулук аралашкан дүйнөгө алып кирет. 16 жылдан кийин башкы каарман Али чыныгы турмуштун, жүрөк ооруткан чындык менен бетме-бет келет. Жашыруун сырлар ачылган тасма кантип тартылды жана тартуу учурунда кандай кызыктар болду? Жообу бул уктурууда...