Мугалимдердин эмгек акысы жогору болот. "Тунгуч" онлайн мектебинде кимдер окуйт?

Sputnik
Өлкөдө алгачкы жолу "Тунгуч" онлайн мектеби 1-сентябрдан тартаиштей баштайт. Мектеп 5-класстан 11-класска чейинки окуучуларды кабыл алып, заманбап электрондук платформа аркылуу билим берилет. Окуу материалдары жаңы мамлекеттик стандарттарга ылайык даярдалат. 1-августтан тарта ата-энелер менен расмий келишимдер түзүп баштады. Онлайн мектеп өзгөчө алыскы аймактарда жашаган, денсоолугуна байланыштуу салттуу мектепке бара албаган жана үйдөн окууга муктаж болгон балдар үчүн арналган. Учурда онлайн мектеп үчүн бардыкпредметтер боюнча жалпы 25 мугалим тандалып алынып, атайын даярдыктар жүрүп жатат.
Бул тууралуу "Тунгуч"онлайн мектебинин директорунун милдетин аткаруучу Муратбек Касымалиев “Ачык кеп” берүүсүндө кеп кылды. Анын айтымында, онлайн мектепте мугалимдердин эмгекакы 2 эсеге жогору болот.