Мугалимдерге жасалма интеллект боюнча курстар өткөрүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрлик тиешелүү курсту иштеп чыгып, ustat.edu.gov.kg платформасына жайгаштырган. Анда жасалма интеллект тууралуу негизги түшүнүктөр, колдонуу ыкмалары жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу модулдар камтылган. "Жасалма интеллект мугалимдин сабакка тезирээк, жеңилирээк жана натыйжалуураак даярданышына, ошондой эле билим берүү контентин жакшыртууга көмөктөшө алат", — деген министрдин орун басары Лира Самыкбаева. Ал министрлик учурда жасалма интеллектини балдардын саны, социалдык абалы, мугалимдердин дарамети, мектептердин абалы сыяктуу маалыматтарды талдоо максатында колдонуп жатканын кошумчалаган.
Көк-Жар айылынын 172-контурундагы чыр боюнча 22 киши кармалып, бешөө камалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдиришти. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Жолду мыйзамсыз тосуу" беренеси менен кылмыш иши козголду.Беш киши убактылуу кармоочу жайга киргизилсе, 17 кишиге Укук бузуулар кодексинин "ИИМ кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" беренеси боюнча протокол түзүлүп, айып пул салынган. Эске салсак, аталган аймакта мыйзамсыз курулуштарды буздуруу иштери жүрүүдө. Буга жергиликтүүлөр каршылык көрсөтүп, ички жолду тосуп, айрымдарын милиция кармап кеткен. Ал эми жергиликтүү бийлик аталган контурда коммерциялык объектилер гана бузулуп жатканын белгиледи. Бул жерде жалпысынан 1 089 жер тилкесинин 209унда гана үйлөр курулганы, ал эми 700дөн ашык жер тилкесинде эч нерсе жок экени кошумчаланган.
Эртең, 8-августта, Ысык-Көл менен Нарындын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Бул күндөрү тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуу сунушталды. "Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз дароо 112 кызматына кабарлаңыз", — деди министрлик. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
RT телеканалы Киев алуудан баш тартып койгон украиналык туткун жоокерлердин дайын-дареги камтылган сайтты ишке киргизди. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы, Украина менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жаткан россиялык делегациянын башчысы Владимир Мединский Telegram каналынан кабарлады. Кечээ Киев туткундалган украиналык миң аскерин айырбаштоо тизмесинен чыгарып салганы белгилүү болгон. Мединский Киев айрым туткундарын кабыл алуудан баш тартканы үчүн Россия менен Украина ортосунда аскер алмашуунун экинчи этабы татаал болгонун, ал эми үчүнчүсү баштала электигин айткан. Ошондой эле ал Россия аскерлерин эч качан биринчи, экинчи сорт деп бөлбөгөнүн кошумчалаган. "Сайт ишке кирди. Ресурстан ар бир туткун тууралуу, башкача айтканда, аты-жөнүн, туулган жылын, ай-күнүн, аскер бөлүгүнүн номерин, наамын табууга болот", — деп жазган Мединский.