Өлкөдө браконьерлерге каршы күрөш кандай жүрүп жатат?

Sputnik
“Манастын жети осуятынын” бири “Табият менен таттуу мамиледе болуу” деп айтылат. Бул осуят бизге жаратылышты урматтоону, ага зыян келтирбөөнү жана жан-жаныбарларга аяр мамиле кылууну эскертип турат. Байыртан бери кыргыз эли ушундай баалуулуктарды сактап, муундан муунга өтүп келген. Бүгүнкү маегибизде биз табиятты коргоо, браконьерлерге каршы күрөш жана ушул багытта жүрүп жаткан иштер тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын биоресуртарды контролдоо бөлүмүнүн башкы инспектору Азамат Бокешов жооп берди.