Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча президенттин жарлыгына 1 жыл - Омоктуу пландар ойдогудай ишке ашып жатабы?

Sputnik
"Агроөнөр жай комплексин мындан нары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Садыр Жапаровдун жарлыгы чыкканына 1 жыл болду.
Бир жылда эмне иштер аткарылды? Кандай долбоорлор башталды? Келечекте эмне иштер аткарылат?
Бүгүнкү “Күн башат” программасында ушул жана башка суроолорго жооп издедик. Программанын бул жолку коногу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Туратбек Идрисов.