ЕАЭБ өлкөлөрү кино тармагында кызматташуу тууралуу макулдашууга даярданууда

Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Россия ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен кино жана видеотасмаларды өндүрүү, жайылтуу жана көрсөтүү жаатында кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюуга даярданууда. Бул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча буйрукка Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин кол койду.
Макулдашуу Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстан менен түзүлөрү күтүлүүдө. Документтин максаты — ЕАЭБ аймагында кинематография тармагында кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү.
Евразиялык экономикалык комиссиянын сайтында жарыяланган документтин долбооруна ылайык, өлкөлөр өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Ага кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан мыйзам бузууга жол бербөө механизмин түзүү, керектөөчүлөрдүн, рынокко катышуучулардын, ошондой эле кино өндүрүшү жана прокат тармагында коомдук, мамлекеттик кызыкчылыктардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо да кирет.
Эки жылдан бери ЕАЭБдин экономикасы дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөрдөн жогору болууда