ЕАЭБ өлкөлөрү Кыргызстанга түз инвестициянын көлөмүн үч эсе көбөйттү

Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрү акыркы жылдары Кыргызстанга түз инвестициянын көлөмүн үч эсе көбөйттү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти.
Биримдикке мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга акча каражатынын келип түшүүсү боюнча маалымат:
2021-жыл — 89 миллион доллар;
2022-жыл — 173,2 миллион доллар;
2023-жыл — 183,9 миллион доллар;
2024-жыл — 263,6 миллион доллар.
Инвестициянын көбү Россиядан келет. Мисалы, былтыр аталган өлкөдөн келген инвестициянын көлөмү дээрлик 162 миллион долларды түзгөн.
ЕАЭБ өлкөлөрү кино тармагында кызматташуу тууралуу макулдашууга даярданууда