Японияда адам кылбаган кылмышты жасаган Америка. Видео

1945-жылдын 6-августунда дүйнө өзөктүк курал деген эмне экендигин билип, селт этти. Анын курмандыгы Япониядагы шаардын күнөөсүз эли болду. Тагыраагы, америкалык Enola Gay Хиросимага Little Boy деп аталган бомбасын таштаган...
Sputnik
АКШнын ошол кездеги президенти Гарри Трумэндин бул окуядан кийин айтканы адамзаттын акылына азыр да сыйбай келет.
"Эч нерсе эмес, муну суу менен оңой эле жууп салууга болот", — деген президент Трумэн илимпоз Роберт Оппенгеймерге.
Окумуштуу япон шаарларын бомбалап, "канга колун матырып алып жүргөндөй" жаман болуп жатканын айтканда жогорудагыдай жооп алган.
80 жылдан бери америкалык бир дагы президент жүз миңден ашуун япондуктун өлүмү үчүн кечирим сураганга жараган эмес.
2023-жылы Япониянын премьери Фумио Кисида жана Хиросима шаарынын мэри Кадзуми Мацуи бомбалоо болгон күндөгү эскерүү иш-чарасында Вашингтондун бул трагедияга жоопкер экени тууралуу үн ката алган жок. Бирок Россиянын өзөктүк курал боюнча кооптуулугун саймедирешкен.
1945-жылдын август айында америкалык пилоттор Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына өзөктүк бомбаларды таштап, натыйжада Хиросимада 140 миң адам, Нагасакиде 74 миң киши курман болгон. Алардын көбү жай тургундар эле. 6 жана 9-августтагы трагедиялуу окуянын жылдыгын эскерүү үчүн Хиросима менен Нагасакиде жыл сайын "Тынчтык иш-чарасы" өтүп келет.