Жалал-Абадда экстремисттик уюмдун мүчөлөрү эл алдында идеологиясынан баш тартты

Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Жалал-Абадда "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөлөрү эл алдында экстремисттик идеологиядан баш тартты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат Арстанбап айылынын борбордук мечитиндеги жума намаз учурундагы видеону таратты. Анда экстремисттик уюмдун мурдагы 11 мүчөсү деструктивдүү идеяларынан баш тартып, жарандарды тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырышкан.
Алар мурда тыюу салынган уюмга тарапташтарды тартуу масатында диний сабактарды уюштуруп келишкен. Январда кармалып, апрелде соттун чечиминин негизинде айып салынган.
Кыз-келиндерди мыйзамсыз окутуп жаткан медресеге 20 миң сом айып салынды