Трамп Израилдин Газа тилкесин басып алышы боюнча үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Израилдин Газа тилкесин оккупациялап алуу ыктымалдыгы израиль өкмөтүнүн чечимине байланыштуу болот. Бул туурасында АКШнын президенти Дональд Трамптын айтканын РИА Новости жазды.
"Бул көп жерден Израилге байланыштуу боло турган нерсе", — деди ал журналисттерге.
Ак үйдүн кожоюну учурда азапта калган, азык-түлүккө муктаж болуп турган палестиндерге тамак-аш жеткирүү маселесине "өзү да" көңүл буруп жатканын айткан.
"Билем, Израиль бизге жеткирүү жана каражат жагынан жардам берет", — деген Трамп.
Шейшемби күнү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун канцеляриясы алардын армиясы өкмөттүн Газага байланыштуу мындан аркы каалаган чечимин аткарууга даяр экенин билдирди.
Израилдин коргонуу министри Исраэль Кац да армия өкмөттүн бардык фронттор боюнча берген буйруктарын сөзсүз түрдө аткарууга ниети барын билдирди.
Буга чейин Нетаньяху коопсуздук маселелери боюнча министрлердин тар чөйрөдөгү жыйынын өткөрүп, анда Газа тилкесиндеги мындан аркы кадамдар талкууланары кабарланган.
Дүйшөмбүдө Израилдин 12-каналы өкмөттөгү маалымат булагына шилтеме берип, Израиль Газа тилкесин басып алууну чечкени кабарлаган. Ал нерсе ХАМАС кыймылы Израиль жеңилгенин толук моюндамайынча туткундарды бошотууга даяр эместигин билдиргенден кийин кабыл алынганы айтылды.
Канада Палестинаны өз алдынча мамлекет катары тааный турганын айтты