Бүгүнкү күндө баш калаанын тазалыгын камсыздоочу кызматкерлер жетишсиз. Айрымдар бул тармакта иштөөдөн намыстанса, кээси жумуштан жийиркенет. Бул тууралуу Жолдош Чуштуков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шарттар түзүлүп, маяна жогору болгону менен тазалык тармагында иштегиси келбегендер көп.
"Негизи мындай көйгөй "Тазалыкта" эле эмес, бардык муниципалдык мекемелерде бар. Өзгөчө жай мезгилинде жумушчу күчүнүн жетишсиздиги курчуйт. Күзүндө талаа жумуштары, эс алуу сезону бүткөндөн кийин иштөөчүлөр келе баштайт. Бүгүнкү күндө ишканада 1 895 кызматкер эмгектенип жатат. Шаар кеңейип жаткандыктан жаңы муниципалдык мекемелер дагы "Тазалыкка" кошулуп, жумушчуларга дайым муктажбыз. Албетте, иш жеңил деп айта албайм, бирок туруктуу. Айлык маянадан тышкары сый акы, мыйзам чегиндеги эмгек өргүү жана жай мезгилинде Ысык-Көлгө эс алдыруу каралган. Быйыл, мисалы, кызматкерлерибизди этап менен Көлгө жөнөтүп жатабыз. Азыр 700 кызматкер эс алып келди", — деди Чуштуков.
Ал шаар тургундарын "Тазалык" муниципалдык ишканасына жумушка чакырып, иш оор болгону менен ишеничтүү жана колдоого алынарын белгиледи.