Эксперт: КР менен РФтин билим берүү системаларын изилдеген лаборатория ачуу зарыл

Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын улуттук билим берүү системаларынын өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө багытталган биргелешкен лаборатория түзүү зарыл. Бул тууралуу РФ Билим берүү министрлигине караштуу институттун жетекчиси Максим Костенко билдирди.
Ал "Евразиялык билим берүү мейкиндигин түзүү жана ишке ашыруу: Россия жана Кыргызстанда биринчи кадам" аталышындагы билим берүү сессиясына катышты.
Костенконун айтымында, бирдиктүү билим берүү мейкиндиги үчүн биринчи кезекте мектептердин билим берүү стандарттарын шайкеш келтирүү, ошондой эле кесиптик тажрыйба алмашуунун түрлөрүн өнүктүрүү зарыл.
"Россия менен Кыргызстандын билим берүү системасы активдүү өнүгүүдө. Ошондуктан адистердин ортосунда билим берүүнүн сапатынан баштап окуу мазмунун жаңылоого чейин тажрыйба алмашуу зарыл. Бул өнөктөш өлкөлөрдүн мектеп жана кесиптик окуу жайларын бүтүргөн жаштары эмгек рыногунда өзүн эркин сезиши үчүн керек, — деди ал.
Ошондой эле ал мектеп программаларынын мазмунун шайкеш келтирүү маанилүү милдет экенин белгиледи.
"Бизди тарых, адабият жана башка гуманитардык сабактар бириктирет. Дал ушул сабактар руханий биримдикти, Кыргызстан менен Россиянын жалпы салттуу баалуулуктарын чагылдырат, — деди эксперт.
Малышев: РФ менен КР билим берүү мейкиндиги боюнча "жол картасын" түзүүдө