Малышев: РФ менен КР билим берүү мейкиндиги боюнча "жол картасын" түзүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Россия менен Кыргызстан билим берүү жаатында бирдиктүү мейкиндик түзүү боюнча жол картасын иштеп чыгууда. Бул тууралуу Россиянын Агартуу министрлигинин Эл аралык кызматташтык борборунун директору Сергей Малышев билдирди.
Долбоор эки өлкөнүн тең эксперттеринин катышуусунда ишке ашырылып, билим берүү системаларын жакындаштыруу боюнча конкреттүү кадамдарды иштеп чыгууга багытталган.
Малышев билим берүү тармагындагы максаттар менен милдеттер мүмкүн болушунча дал келген бирдиктүү мейкиндикти түзүү башкы максат экенин белгиледи.
"Азыр биз кыргыз эксперттеринин катышуусунда конкреттүү аракеттердин планын иштеп чыгуучу жол картасын түзүп жатабыз. Биздин максат – жөн гана системаларды жакындаштыруу эмес, чыныгы бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү", — деди ал.
Малышев Советтер Союзунан калган евразиялык билим берүү мейкиндиги эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн дагы деле негиз болуп кызмат кылып жатканын кошумчалады.
"Азыркы жүргүзүлүп жаткан иш эмнебиз менен окшошуп, эмнебиз менен айрымаланарыбызды тактап алууга багытталган. Анын алкагында аттестаттарды өз ара таануу, илимий тажрыйба алмашууларды күчөтүү сыяктуу көп мүмкүнчүлөктөр түзүлөт", — деди РФ Агартуу министрлигинин Эл аралык кызматташтык борборунун директору.
РФ менен КРдин бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча жумушчу топ түзүлдү