Кыргызстандыктар КМШ өлкөлөрүнүн Аскердик-спорттук оюндарына катышууда

Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Москвада Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейинде КМШ өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүнүн IV Аскердик-спорттук оюндарынын ачылышы болду. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Москвада Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейинде КМШ өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүнүн IV Аскердик-спорттук оюндарынын ачылышы болду.

2 / 2

Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоонун алкагында өткөрүлүүдө.

Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоонун алкагында өткөрүлүүдө.
Оюндарга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн спортчу аскер кызматкерлери катышат. Алар мушташ өнөрү, самбо, гиря спорту, офицердик жарыш (тапанча менен атуу, сууда сүзүү, чуркоо) жана штаттык куралдан ок атуу боюнча күч сынашат.
Кыргызстандыктар оюндардын программасынын бардык түрүнө катышат.
Жапаров: Россия менен кызматташууну дагы кеңейтебиз