Баткен мамлекеттик университетинен 2 170 студент окуудан чыгарылды

Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Баткен мамлекеттик университетинен жана ага караган институт, колледждерден 2 170 студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чечим билим берүү чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнөштөрдү аныктоо боюнча текшерүүдөн кийин кабыл алынган.
Тизме:
Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинен — 570;
М.М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунан — 801;
Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтунан — 380;
А.А.Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунан — 171;
БатМУнун алдындагы көп тармактуу колледжден — 234;
БатМУнун алдындагы педагогика жана коммуникация колледжинен 14 студент окуудан чыгарылган.
УКМК: Ысык-Көлдөгү ЖОЖдордон 1000ге жакын студент окуудан чыгарылды