БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматында айтылган.
Жолугушуу Түркмөнстандын Аваза шаарында өткөн деңизге жолу жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясынын алкагында уюштурулганы белгиленди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев
Касымалиев иш-чарада кабыл алынган жаңы программа Кыргызстан сыяктуу транзитке көз каранды мамлекеттер үчүн инфраструктураны жакшыртуу, каржылоого жетүү жана аймактык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн ачарын айтты.
Ошондой эле ал Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу Борбор Азия аймагы үчүн да, анын чегинен тышкары да жаңы соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ача турганын белгиледи.
Өз кезегинде Гутерриш Кыргызстанда ишке ашып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлорду канааттануу менен белгилеп, ошондой эле аймактагы чек ара маселесинин чечилишин кубаттады. Башкы катчы Кыргызстандын эл аралык транспорттук логистикалык байланышка кошуп жаткан салымын да жогору баалады.
Маектешүүдө минкаб башчысы 2027-жылы Кыргызстанда өтчү "Бишкек+25" саммитине БУУнун активдүү катышарына ишеним артты.