БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бейшембиде республиканын айрым жерлеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй жана Баткенде 31…36, Талас аймагында 26…31, Ош, Жалал-Абад облустарында 32…37, Ысык-Көлдө 24...29, Нарын өрөөнүндө 25…30 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада 32…34, Ош шаарында 33…35, Чолпон-Атада 24...26 градуска көтөрүлөт.