Кыргыздын жашоосунда баш кийимдин орду өзгөчө болгон. Муну менен катар эле чачка да бөтөнч көңүл буруп, аздектеп мамиле кылган. Чач адамды терс энергиялардан сактайт деп ишенишкен.
Мындай ишеним башка элдерде да болгонбу? Эмнеге биринде чачтан арылып жүрүү шарт болсо, экинчилери аны өстүрүп жүрүшкөн? Баш кийимдин ичинен кийилүүчү топу, такыя кандай маанини камтыган? Жүндөн жасалган буюмдар менен адам чачынын кыргыздын жашоосунда кандай байланышы бар? Эмне үчүн кыргыз эркектери аздектеп кийген калпак жүндөн жасалган?
Биздин ушул жана башка суроолорубузга "Кеменгер" уктуруусунда жооп алабыз.