Ички иштер министрлиги такси кызматына байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, коомдук талкууга чыгарды. Документте айдоочунун сырткы келбети тыкан, кийими таза болушу керектиги жана соттолбогондугу тууралуу маалымкат талап кылынары белгиленген. Мындан тышкары, такси унааларында атайын белгилер, таксометр, лицензия тууралуу маалымат жана айдоочунун сүрөтү орнотулушу зарыл.
Жаңы эрежелерге ылайык, такси кызматтары "информациондук системалар" аркылуу көзөмөлдөнөт — андан маршрут, ылдамдык жана коопсуздуктекшерилип турат. Мыйзам долбоору жол кырсыктарын кыскартууну көздөйт.
Ошондой эле бул өзгөрүүлөр жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана кызмат сапатын жакшыртат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү кеп кылышты.