Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки жаныбарларын сатыкка койду. Анын себептеринин бири циркте төө баштаган, енот, топоз өңдүү жаныбарларды машыктыруучу адис жоктугуна байланыштуу экенин Светлана Аширова билдирди. Учурда кыргыз циркинин артисттери эс алууда, ага карабай жаңы программаны даярдоо иштери жүрүүдө. Азыр аттарга көнүгүүлөр үйрөтүлүүдө. Ал эми сатыла турган жаныбарларды алууга суроо-талаптар түшүп жатканын мейманыбыз билдирди. Бир кезде айлыктын аздыгынан сыртка чыгып кеткен кыргыз артисттери акырындан мекенине кайтып жатышат. Себеби маяна да салыштырмалуу көтөрүлдү.