Евразиялык экономикалык биримдик бирдиктүү энергорыногун түзүүнү пландаган. Бул багытта учурда иштер аткарылып жатат. Азыр чарбалык субъектилер бири-бири менен байланышып иш алып баруусу үчүн рынок шартындагы атаандаштыкка чыгуусун камсыздашыбыз керек. Энергетика тармагы мамлекеттен көз карандысыздык алып чарбалык субъектилерге толугу менен өтсө, анын баа саясаты да жөнгө салынуусу зарыл. Бул тууралуу Кыргызстандын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер, КМШнын эмгек синирген энергетиги, техника илимдеринин доктору Карыпбек Алымкулов айтып берди.