БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Гагаузиянын башчысы Евгения Гуцулдун 7 жылга кесилиши Кишиневдо элге каршы бийлик орнотуп жаткандар менен Брюссель үчүн уят иш. Бул тууралуу РФ Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко билдирди.
Анын айтымында, бул "евродемократия" деп аталган машинанын өз максаттарына жетүү үчүн ырайымсыз кадамдарга даяр экендигинин дагы бир мисалы.
“Сандунун режиминин бүгүн сот органдарынын колу менен жасаган жоругу Гагаузияда жалпы эл тарабынан шайланган саясатчыга карата жасалган репрессия болуп саналат. Алар Молдавиядагы бийликти басып алууга тоскоолдук жараткан адамдын саясий тагдырын татаалдаштыруу үчүн жашы жете элек эки баласы бар экенине карабастан түрмөгө отургузушту. Мындай адамгерчиликсиздиктин актысын Европа колдоп берди”, - деди Матвиенко.
Ал Евгения Гуцулга карата жасалган кордукту токтотуу маселеси бардык аянтчаларда көтөрүлүшү керектигин белгиледи.
Евгения Гуцулду куугунтуктоо
Гагаузиянын башчысы 25-мартта камакка алынган. Айыптоочулардын версиясы боюнча, ал "Шор" партиясынын 2023-жылдагы шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн Россиядан 2019-2022-жылдар аралыгында ири суммадагы каражат алып турган. Башкан 14-апрелге чейин камакта болушу керек болчу, бирок сот бөгөт чарасын 30 суткага үй камагына өзгөрткөн. Андан кийин аны бир нече жолу узартышкан.
Саясатчынын адвокаттары Гуцулдун финансылык эреже бузууларга тиешеси жок экенин, иш 28-сентябрда боло турган парламенттик шайлоого карата козголуп жатканын айтып келишет.
Соңку жылдары молдовалык бийлик оппозицияга болгон кысымын күчөттү. Саясатчыларга каршы кылмыш иштери козголуп, алар Россияга барганы үчүн аэропорттон кармалууда. Бийликтеги партия оппозициялык талапкерлерди шайлоого катыштырбоо үчүн "шайлоо коррупциясы менен күрөшүүгө" шылтоолоп атайын кызматтардын ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө аракет кылып келет. Молдовалык православ чиркөөсү дагы куугунтукка кабылууда.