Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинада жоготулган аймактар тууралуу билдирүү жасалды

Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Чехия президенти Петр Павелдин Украина аймактарынан кол жууганын моюнга алышы керек деген билдирүүсү Евробиримдик окуянын дал ушундай нукта өнүгүшүнө макул экендигинен кабар берет. Бул тууралуу Украинанын экс-президенти Леонид Кучмага кеңешчи болгон Олег Соскин өзүнүн YouTube каналындагы эфиринен билдиргенин РИА Новости жазды.
"Абдан олуттуу фигура (Чехия президенти) билдирүү жасап жатат, ал жөн эле айта салган жок. Баары Украинаны кандайдыр бир деңгээлде бөлүүгө даярданып жатышат", — деди ал.
Эксперттин айтымында, Европа өлкөлөрү Россия менен болгон тирешүүнү мүмкүн болушунча эрте бүтүрүп, жок дегенде Украинанын калган аймагында кандайдыр бир деңгээлде көзөмөлүн сактап калууга умтулууда.
"Евробиримдик кимдир бирөө ага көзөмөлдөөгө жол берет деп ойлойт. Эч ким жол бербейт. Бул мүмкүн эмес", — деген Соскин.
Саясатчынын пикиринде, Батыш өлкөлөрү Москвага өз шартын таңуулай турган абалда эмес. Болгону тирешүү аяктагандан кийин Россия президенти Владимир Путиндин ырайымына гана ишене алышат.
Буга чейин Чехия президенти Петр Павел Украина мындан ары өмүр сүрүшү үчүн аймактарынан кол жууганын моюнга алышы керектигин билдирген. Ал Украина Батыштын колдоосуна карабастан жоготкон аймактарын кайтарып ала турган абалда эмес экенин айткан.
Трамптын атайын өкүлү Россия менен Украинаны элдештирсе болот деген ишенимде