Транспорт салыгын төлөп койгондор акчасын кайтарып алса болот. Жол-жобосу

Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Транспорт салыгы жоюлгандыгына байланыштуу салык төлөөчүлөр төлөнгөн транспорт салыгынын суммасын салыктардын башка түрлөрүнө чегерип же кайтарып алса болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, 2025-жылдын 1-январына карата транспорт каражаттарына мүлк салыгын ашыкча төлөгөн жарандар 2025-жылдын 30-ноябрына чейин салыкты чегерүү же кайтарып берүү жөнүндө арыз берүүгө тийиш.
"Арызды cabinet.salyk.kg сайтында салык төлөөчүнүн кабинетиндеги "МСК менен кат алышуу" бөлүмүнөн тапшырса болот. Эгер белгиленген мөөнөттө арыз берилбесе, төлөнгөн каражат мамлекеттик казынага которулат", — деп айтылат билдирүүдө.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жергиликтүү салык органдарына же 116 номерине кайрылуу сунушталды.
Транспорт каражаттарына салык жоюлду. Президент өзгөргөн мыйзамга кол койду