"Славян базары" искусство фестивалынын алкагында өткөн "Витебск-2025" эстрадалык ырлар сынагында Рыскелди Старбековдун чеберчилиги көпчүлүктү суктантты. Бул тууралуу Гүлнара Тойгонбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргыз талантына "Голостун" өкүлдөрү да кызыгып, долбоорго чакырышкан.
"Рыскелдинин аткаруучулук чеберчилигине, өзүн сахнада алып жүрүүсүнө абдан жакшы баа беришти. Фестивалдын директору Глеб Лапицкий да мактады. "Голос" долбоорунун музыкалык редактору Марина Андрусенко да жылуу пикирин билдирди. Ал мага келип "ушул жигитти "Голостон" көргүбүз келет" деди. Мен аркылуу ушундай чакыруусун жолдоду. Албетте, ал деле сынак, ал жакта деле атаандаштык болот. Бирок мен Рыскелди ортодогу баскычтардан өтпөйт, дароо эле өзүн көрбөй эле үнүн уккан баскычка катышат деп түшүндүм", — деди Тойгонбаева.
Ошондой эле ал Старбеков мээнеткеч экенин да белгилеп, ал жактан да ийгилик менен кайтат деген ишенимин билдирди.