БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Россия эми өзүн орто жана кыска аралыктан атылуучу ракеталарды жайгаштыруу келишиминде каралган чектөөлөргө (ДРСМД) байланбайбыз деп эсептейт. Бул туурасында РИА Новости ТИМге шилтеме кылып жазды.
ДРСМДен улам орто (1001-5500 чакырым), ошондой эле кыска (500-1000 чакырым) аралыкка атылуучу баллистикалык жана канаттуу ракеталар жасалбайт, өндүрүлбөйт жана аларды кое берүүчү түзүмдөр орнотулбайт деп сүйлөшүлгөн.
"Бул боюнча көп жолу жасаган эскертүүлөрүбүз этибарга алынбай, АКШда чыгарылган орто, кыска аралыктагы ракеталарды Европада жана Азия-Тынч океан аймагында жайгаштыруу улам өнүгүп жатат. Россия ТИМи мындай куралдарды жайгаштырууга байланыштуу бир тараптуу мораторийди сактап калуу үчүн шарттар жокко чыкканын белгилеген. Эми РФ мурда кабыл алынган тиешелүү чектөөлөргө өзүн байлануу деп эсептебесин жарыялаганга укугу бар", — деп белгилешкен ТИМден.
Мамлекеттин башчысы бул жаатта конкреттүү чараларды кабыл алмакчы. Ага америкалык жана Батыштын башка мамлекеттеринин орто жана кыска аралыктан атылуучу ракеталарды жайгаштырып жатканы боюнча жасалган ведомство аралык анализ негиз болот. Андан сырткары, эл аралык коопсуздук жана стратегиялык туруктуулук жаатындагы жалпы кырдаалдын кандай өңүттө бара жатканы да каралмакчы.
Министрликтен жамааттык Батыштын мындай кадамдары Россияга жакын аймактардагы ракеталык мүмкүнчүлүктөрдүн өсүшүнө алып келери белгиленген. Бул өлкөлөрдүн коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратат.
Муну менен катар эле НАТО Москванын курамдар системасын жайгаштырууга мораторий жарыялоо тууралуу салган чакырыгын оң кабыл алган жок. Бул нерсе ДРСМД алкагында да каралган эле.
Москва Россия альянстын мүчөлөрүнө кол салбастыгын бир нече ирет кайталап келет. РФ президенти Владимир Путин Батыштын саясатчылары элин өлкөсүндөгү ички көйгөйлөрдөн алаксытыш үчүн башка бир кооптуулуктарды ойлоп чыгып жатышканын айткан эле.