БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кытай Американы президент Дональд Трамп өзү жыл башында демилге кылып көтөргөн соода согушунда жеңет. Мындай пикирин Washington Post басылмасынын колумнисти Макс Бут жазган.
"Январда Трамп Кытайга соода согушун ачты. Муну жазуу мага деле оңой эмес, бирок Кытай — антиамерикалык катаал диктатура, ал утат. Бул турган нерсе. Экономикалык көрсөткүчтөр таамай далилдеп турат: Кытайдын экономикасы биринчи жарым жылдыкта орто эсеп менен алганда 5,3 пайызга өстү, ал эми АКШныкы 1,25 пайызга жетти", — деп жазган Бут.
Анын пикирине таянсак, Трамп мындай кадамдары менен Кытайга дипломатия, илимий изилдөөлөргө инвестиция салуу тармактарында жардам берип жатат.
Бут "Пекинге берилген дагы бир белек" "Америка үнү" радиостанциясын* жапканы деди. Ал кытайлык мамлекеттик ЖМКлар аталган радио иштебей калгандан кийин Индонезиядан Африкага чейинки аймактагы "вакуумду толтурарын" айткан. Трамптын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан, ЮНЕСКОдон чыкканы эл аралык уюмдарда Кытайдын таасирин арттырарын эске салган.
"Алдыңкы технологиялар, аккумуляторлор, күн панелдери, электр унаалары, дрондор, байланыштын алдыңкы оптикалык каражаттары, компьютерлерди өз алдынча үйрөтүү, абдан көп маалыматтарды өтө тез иштеп чыгууга жөндөмдүү эсептөө процесси боюнча Кытай АКШны басып өтүп баратат", — деп жазган колумнист.
Ал Трамптын бажы алымдарын жогорулатуусу, бюджетти кыскартуу жана иммиграциялык чектөөлөр "Американы аргасыздан алсыратып, анын башкы атаандашынын күчтүү болушуна" алып келерин эске салган.
Кытай менен АКШ учурда соода согушунда турат. Ал Ак үй башчысы 2025-жылдын февралында кытайлык өндүрүштөн чыккан бардык товарга 10 пайыздык бажы алымын киргизгенден кийин башталган. Мартта ал 20 пайызга секирген. Андан кийин эки тарап кайым айтышып отуруп, Вашингтон 145 пайызга жеткирген. Ал эми Пекин жооп кылып, 125 пайыз деген санды айткан. Кийинчерээк эки тарап кепке келип, пошлинаны 14-майдан тарта 90 күнгө чейин 10 пайызда калтырып турмак болушкан. Ошентип Пекин америкалык товарларды көрсөтүлгөн көрсөткүчтө киргизе баштаган. Ал эми Кошмо Штаттар кытай продукциясынан 30 пайыз алып жатат, анткени 20 пайыздык "фентанилдик" бажы төлөмү дагы эле күчүндө. Жаз аяктап, жайга кадам таштаган маалда тараптар бири-бирин алдын ала келишимдерди бузду деп кайрадан күнөөлөдү.
Эске салсак, "фентанилдик" бажы — соода санкциясына байланыштуу кошумча бажы төлөмү, ал фентанил маселеси менен негизделип түшүндүрүлөт. Фентанил — күчтүү синтетикалык баңгизат, ал АКШда баңги кризисине себепчи болуп жатат (жылына он миңдеген адам бул заттан каза табат) дешет.
* Россияда чет элдик агент деп таанылган ЖМК