Кыргызстандыктар эми төлөгөн салыгы кайда короп жатканын онлайн көрө алышат

Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстандыктар эми төлөгөн салыгы кайда короп жатканын онлайн көрө алышат. Тиешелүү платформаны "Салык Сервис" мекемеси даярдаган.
Анда жарандардын салыктары кандайча инфраструктурага же социалдык колдоого айланып жатканын көрүүгө болот.
Ал үчүн my.salyk.kg дарегине кирип, аты-жөнүн жана төлөгөн салыктын суммасын жазат. Ошондо акча кайда кеткенин көрүүгө мүмкүн болот.
Айыл чарба тармагынан түшкөн салык соңку беш жылда төрт эсе өстү. Сандар