БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстан финансы системасын санариптештирүү жагынан ЕАЭБ өлкөлөрүн артта калтырды. Бул тууралуу Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Букуев билдирди.
Анын айтымында, учурда көптөгөн мамлекеттерде QR-код менен төлөм жүргүзүү системасы ишке кире элек.
"Кыргызстанда бул ыкма кеңири колдонулуп калган. Биз көп учурда чет элдик өнөктөштөргө анын кантип иштээрин түшүндүрүп жатабыз", — деди Букуев.
Ошондой эле ал альянстын алкагында эксперттик топтор иштеп, терминдерге чейин шейкеш келтирүү боюнча иштеп жатканын кошумчалады.