БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Көрүлгөн аракеттерге карабастан деңизге чыга албаган өлкөлөр эл аралык экономиканын чет жакасында калууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түркмөнстанда өтүп жаткан деңизге чыга албаган, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун III конференциясында билдирди.
Касымалиев деңизге чыга албаган мамлекеттер ар башка болгону менен окшош көйгөйлөргө туш болорун, тагыраагы, транспорт жана соода жаатында ири чыгым тартып жатканын белгиледи. Минкаб төрагасы белгилегендей, деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн маселесин чечүү үчүн 2001-жылы БУУнун демилгеси менен атайын топ түзүлгөн. Ал транзиттик өлкөлөр менен келишимдерди түзүү, сооданы жеңилдетүү жана санариптештирүү боюнча жетишкендиктер бар экенин айтып өттү. Бирок ал максаттар толугу менен ишке ашпай калганын да моюнга алды.
"Соңку 20 жылда көрүлгөн аракеттерге карабастан деңизге чыга албаган өлкөлөр эл аралык экономиканын чет жакасында калып жатканы айкын болду", — деди Касымалиев.
Минкаб башчысы деңизге чыга албаган өлкөлөрдү өнүктүрүүдө өнөктөштөрдү каржылык колдоо көрсөтүүгө гана эмес, билим берүү, техникалык жардам көрсөтүү жана инвестициялык кепилдиктерди берүүгө чакырды.
Касымалиев өз сөзүндө акыркы жылдары Кыргызстан эл аралык маанидеги автомагистралдарды жакшыртуу жана өнүктүрүү иштерин жүргүзүп келгенин белгиледи. Ошондой эле ал өлкө "аба эркиндигинин" бешинчи даражадагы саясатын кабыл алганын, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу Кытайдан Жакынкы Чыгыш, Европа жана Түштүк Азия мамлекеттерине эң кыска жол ачарын айтты. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Тажикстандан Түштүк Азияга таза гидроэнергияны экспорттоону көздөгөн САSА-1000 долбоорун да белгиледи.
"Биз үчүн транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны, логистиканы жана инвестициялык чөйрөнү өнүктүрүү жөн гана улуттук артыкчылык эмес, туруктуу өнүгүүнүн негизги багыты болуп эсептелет", — деди Касымалиев.