БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Катуу жер титирөөдөн кийин Камчатка жарым аралынын түштүк бөлүгү дээрлик эки метрге түштүк-чыгышты көздөй жылып кетти. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын бирдиктүү геофизикалык кызматынын аймактык филиалы билдирди.
Маалыматка караганда, геодинамикалык байкоолордун жыйынтыгы боюнча алдын ала эсептөөлөр жүргүзүлгөн.
"Түштүк-чыгышка карай жакшы эле жылыптырбыз. 30-июлдагы жер титирөөдөн кийинки эң чоң сейсмикалык жылыш жарым аралдын түштүк бөлүгүндө байкалган. Андагы аралык дээрлик эки метрди түзөт. Муну Япониянын Тохоку аймагында болгон жер титирөөдөн кийинки горизонталдык жылышка салыштырса болот", — деп айтылат маалыматта.
Камчаткадагы жер титирөө
30-июлда Камчатканын жээгинде магнитудасы 8,8ге жеткен жер титирөө болгон. Бул 1952-жылдан берки, тагыраагы, 70 жыл ичиндеги эң күчтүү зилзала экени айтылууда. Аймакта бийиктиги төрт метрге чейин жеткен цунами толкуну да болгон. Андан кийин жанар тоолор "ойгонуп", улам-улам жер титиреп жатты.