Молдовада Гагаузиянын башчысы Гуцул жети жылга кесилди

Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кишинев райондук соту Гагаузиянын башчысы Евгения Гуцулду жети жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу РИА Новостиге анын адвокаты Наталья Байрам билдирди.
"Соттун өкүмү дароо аткарылмай болду. Ага ылайык, Гуцул сот залынан түз эле түрмөгө жеткирилет", — деди ал.
Өкүм жарыяланганга чейин башкан (Гагауз автономиясынын эң жогорку кызмат адамы) РИА Новостинин кабарчысына күрөшүүгө даяр экенин билдирген. Сот имаратынын алдына анын тарапташтары чогулуп, квартал полиция тарабынан курчоого алынган.

Евгения Гуцулду куугунтуктоо

Гагаузиянын башчысы 25-мартта камакка алынган. Айыптоочулардын версиясы боюнча, ал "Шор" партиясынын 2023-жылдагы шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн Россиядан 2019-2022-жылдар аралыгында ири суммадагы каражат алып турган. Башкан 14-апрелге чейин камакта болушу керек болчу, бирок сот бөгөт чарасын 30 суткага үй камагына өзгөрткөн. Андан кийин аны бир нече жолу узартышкан.
Саясатчынын адвокаттары Гуцулдун финансылык эреже бузууларга тиешеси жок экенин, иш 28-сентябрда боло турган парламенттик шайлоого карата козголуп жатканын айтып келишет.
Соңку жылдары молдовалык бийлик оппозицияга болгон кысымын күчөттү. Саясатчыларга каршы кылмыш иштери козголуп, алар Россияга барганы үчүн аэропорттон кармалууда. Бийликтеги партия оппозициялык талапкерлерди шайлоого катыштырбоо үчүн "шайлоо коррупциясы менен күрөшүүгө" шылтоолоп атайын кызматтардын ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө аракет кылып келет. Молдовалык православ чиркөөсү дагы куугунтукка кабылууда.
Лавров ЕККУну Россиянын ички ишине кийлигишти деп айыптады