Экологиялык нормаларды бузгандарга айыпты көтөрүү сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстанда экологиялык нормаларды бузгандарга айып пулду көтөрүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Негиздемеде мыйзамсыз иштен алынган пайда айыптан кыйла жогору болгондуктан, ал жарандарга тоскоолдук болбой келгени белгиленген. Мындан улам сунушталган мыйзам долбоорунда бир катар эреже бузууларга 20 миң сомдон, ал эми юридикалык жактарга 65 миң сомдон айып салуу каралган.
Мыйзам кабыл алынса төмөнкү учурларда айып салынат:
тазалоо курулмалары иштебесе же жаратылышты жана экологияны булгаса;
таштандыны туш келди таштоо же өрттөө, ошондой эле аларды кайра иштетүүчү жабдууларды пайдалануу эрежелерин бузуу;
абаны булгоо же анын курамын жасалма жол менен өзгөртүү аракеттери;
сууларды булгануудан жана таштандыдан коргоо боюнча талаптарды бузуу;
айлана-чөйрөгө саркынды сууларды агызуу тартибин бузуу;
жерди пайдалануу эрежелерин сактабоо;
Токой фондунун жерлерин туура эмес пайдалануу;
топурактын күрдүү (үстүңкү) катмарын алып салуу, сактоо жана кайра жайгаштыруу шарттарын бузуу;
өсүмдүктөрдү өрттөө тартибин бузуу;
кооптуу өндүрүш объектилерин эксплуатациялоодо коопсуздук талаптарын аткарбоо;
нефть продуктуларын кабыл алуу, сактоо, май куюуга даярдоо жана сапатын көзөмөлдөө эрежелерин бузуу;
аттракциондорду коопсуз пайдалануу боюнча ченемдик-укуктук актылардын талаптарын сактабоо;
ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, буйруктарын, тескемелерин же талаптарын аткарбоо;
мыйзамсыз аңчылык кылуу же жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин мыйзамсыз алуу;
мыйзамсыз алынган жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин ташуу, сактоо, сатуу же өлкөдөн алып чыгуу.
Суу пайдалануу, өсүмдүк сатуу. Экологияны бузгандар үчүн айыптар көбөйтүлдү