Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Чехия президенти Украина кандай шартта "аман" калышы мүмкүн экенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Украина мындан ары өмүр сүрүшү үчүн аймактарынан кол жууганын моюнга алышы керек. Мындай пикирин Чехия президенти Павел ВВС агенттигине маек куруп жатып айтты.
"Биз анын көз карандысыз, эгемен мамлекет катары сакталып калышын каалайбыз. Киев эгемендүүлүгүн сактап калуу үчүн аймактарынан ажырашы керек болсо, демек, ошондой болушу кажет. Украина азыр Батыштын колдоосуна карабастан жоготкон аймактарын кайтарып ала турган абалда эмес", — деген өлкө башчысы.
Эскерте кетсек, Крым 2014-жылдын мартында Украинадагы төңкөрүштөн кийин өткөн референдумдан соң Россиянын карамагына өткөн. Жалпы добуш берүүдө Крымдагы шайлоочулардын 96,77 пайызы, Севастополдо 95,6 пайызы Россияга кошулууну колдошкон. Украина жарым аралды өзүнүн убактылуу оккупацияланган аймагы деп эсептейт, бул маселеде көптөгөн Батыш өлкөлөрү Киев тарапта. Өз кезегинде Москва Крымдагы добуш берүү демократиялык талаптарга, эл аралык укукка жана БУУнун Уставына толук шайкеш келгенин бир нече жолу билдирген. Путин белгилегендей, Крым маселеси биротоло жабылган.
Ал эми ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын Россиянын курамына кирүүсү боюнча референдумдар 2022-жылдын 23-27-сентябрында өткөн. ДЭРде добуш бергендердин 99,23 пайызы, ЛЭРде – 98,42, Херсон облусунда — 87,05 пайызы, Запорожье облусунда 93,11 пайызы демилгени колдошкон. 30-сентябрда РФ лидери Владимир Путин Кремлде аймактарды Россиянын курамына кабыл алуу боюнча алардын башчылары менен келишимдерге кол койгон.
ЖМК: Украина бийлиги өлкөдөгү абалдан кооптонуп турат