БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Оштогу Увам каналынын жээгине чейин там-таш салып алган прокуратуранын кызматкерин текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан (БП) кабарлашты.
Эске салсак, кечээ калаа мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейд учурунда прокуратура кызматкеринин үйүнө кирген. Короосунан кымбат унаалардын турганын көрүп, калаа башчысы мынчалык байлык кайдан келгенине кызыккан. Ошондой эле мэр каналдын жээгине чейин курулуш жүргүзгөндүгү үчүн үй ээсине эскертүү берип, суунун боюн бошотуп коюуну тапшырган.
"Прокуратура органдары мыйзамдуулукту так сактоо, бардык жарандардын мыйзам алдында теңдигин камсыз кылуу принциптерин бекем карманат", — деди Башкы прокуратура.
Маалыматта ошондой эле текшерүүнүн расмий жыйынтыгы кабарланары кошумчаланган.