Жайдын аптаптуу күндөрү балдардын ден соолугуна кооптуу болушу мүмкүн. Алардын терисине түз күн нуру тийсе, бат эле күйүп кетүү коркунучу жогору. Дарыгерлердин айтымында, наристелердин териси чоңдордукуна салыштырмалуу алда канча сезгич келет. Баланы күндөн сактоо үчүн саат 11:00дөн 17:00гө чейин сыртка чыгарбоо сунушталат. Эгер сыртта болууга туура келсе, балага жеңи узун, жеңил кийим кийгизип, башына калпак же шляпа кийгизүү жана SPF 30 же андан жогору күндөн коргоочу крем колдонуу керек. Эгерде бала күнгө күйүп калса, анын териси кызарып, дене табы көтөрүлүп, алсыроо белгилери байкалат. Мындай учурда дароо дарыгерге кайрылуу сунушталат.
Бул тууралуу кененирээк "Көз мончок" программасынан угуңуз.