Жогорку Кеңеш бул жылы да каникулга тарар алдында бир топ мыйзам долбоорлорун кабыл алып берди. Алардын арасында мамлекеттик тил жөнүндө кабыл алынган Конституциялык мыйзамды коштогон бир топ ченемдик мыйзамдык актылар кабыл алынды.
Учурда өлкө башчысынын кол коюусунда турган бул мыйзамдык актыларга эмнелер кирди, анда коомчулуктун талкуусуна түшкөн “жазалоо” механизми эмнени түшүндүрөт?
Кыргызстанда расмий тил статусун алып жүргөн орус тилинин келечеги кандай болот, деген суроолор менен биз студияга Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевди чакырганбыз.
“Жазалоо” тил билбегени үчүн эмес, мыйзамды аткарбаганы үчүн кирерин, расмий тил Кыргызстан үчүн дүйнөгө эшик ачаарын жана анын статусу тууралуу сөз да болбошу керектигин айткан төраганын маегин биздин “Күн башат” программасынан угуңуз.