БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстанда жеке менчик мектептерге лицензия берүү тартиби жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттик администрациянын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарлар менен Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында мектеп тартыштыгы курч көйгөй бойдон калууда.
"Жаңы билим уялары курулуп жатканы менен балдардын саны улам өсүп, орун жетишпей жатат. Жеке сектор мамлекеттик мектептердин түйшүгүн азайта алат. Ошондуктан аларга мектептерди көбүрөөк ачууга реалдуу мүмкүнчүлүк түзүү керек", — деди Касымалиев.
Ал мамлекеттик органдарга 100 күндүн ичинде лицензиялоо процессин талдап, ашыкча бюрократиялык жол-жоболорду аныктап, аны жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү боюнча чараларды сунуштоону тапшырды.
Учурда Кыргызстан боюнча жалпы 219 жеке менчик мектеп иштейт. Алардын көбү Бишкек (108) менен Ош (54) шаарларында жайгашкан. Былтыр 33, быйыл жыл башынан бери дагы 21 лицензия берилген.