БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Жан Воинов камактан чыгарылды.
Биринчи май райондук милициясынын маалыматы боюнча, арыз ээси Ж.Т. Воиновго дооматы жок экенин айтып, тосмо арыз жазган.
"Андан ары кармоо үчүн негиз жок болгондуктан Жан Воинов Биринчи май РИИБдин тергөө кызматы тарабынан бошотулду", — деп жазылат маалыматта.
Милиция окуянын жагдайын тактоону улантарын, бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин талаптарына ылайык чечим кабыл алынарын кошумчалады.
Буга чейин блогерлердин бири 30-июнда мейманканада белгисиз адамдар аларды сабап, бассейнге түртүп жибергенин билдирген. Кол көтөргөндөрдүн арасында Жан Воинов, келинчеги Зарина болгону айтылып, кийин Ассоль Молдокматованын уулу кармалып, 1-августка чейин камакка алынган.